Бириккен Улуттар Уюмунун балдар агенттиги – ЮНИСЕФтин маалымдашынча, шейшемби күнү гуманитардык жардам тарткан автокербен Түркиядан Түндүк Иракка келди.
16 тонна азыктүлүк жана 6 тонна суу тазалоочу таблетка жүктөлгөн жүк тартуучу автомобилдер бажы кызматтарынын түрдүү документтерди толтурууну талап кылганга байланыштуу Түркиянын чек арасында 3 бою күн туруп калышкан.
4 миллион долларлык гумжардам тарткан 40 автомобилден турган экинчи кербен да чек арада кармалууда.
ЮНИСЕФтин жетекчилеринин билдиришинче, Түндүк Ирактагы 200 миңдей качкын адамдын абалы өтө оор жана күн сайын начарлап барат.
АКШнын деңиз аскерлеринин сөзүнө караганда, Ирактын түштүгүндөгү Умм Каср портундагы тейлөөнүн начар абалы жана миналардын коркунучу – соода кемелеринин келишине жолтоо болууда.
Соода кемелери портко кирүү үчүн АКШ аскерлери менен Улуттар Уюмунан уруксат алышы шарт.
Евробиримдиктин өнүгүү жана гуманитардык жардамдар боюнча комиссары Поль Нилсондун сөзүнчө, АКШлык жана британиялык аскерлер ирактыктарга гуманитардык жардамдарды таркатууга катышпоого тийиш.