25-мартта Минскиде санкцияланбаган митинг болуп, анын катышуучулары АКШнын Ирактагы аскерий операцияларына колдоо билдирип, белорус жетекчилигинин саясатын сындашкан эле. Коопсуздук күчтөрү митинге катышкан 20дай адамды кармап, камап салышкан. Евросоюздун ушу таптагы төрагасы Греция бул ишти айыптап, Белоруссияда адам укуктары одоно бузулуп жаткандыгына терең камтамачылык билдирди.