Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Босниянын коллективдүү президиумунун башчысы кызматтан кетти


Бул тууралуу бүгүн Мирко Сарович өзү жарыялады. Төраганын отставкасына босниялык сербдердин Иракка курал-жарак саткандыгына байланыштуу тутанган саясий жаңжал себепкер болду. Өткөн аптада эл аралык тергөөчүлөр босниялык сербдердин “Орао” фирмасы Иракка согуш самолетторунун тетиктерин экспорттогонун ырасташкан эле. Аталган иштин маалында Сарович босниялык серб республикасынын президенти болуп турган.

XS
SM
MD
LG