Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Түштүк Корея Иракка көмөкчү аскер күчтөрүн жөнөтөт


Президент Но Му Хэндин сунушун талкуулап, өлкөнүн парламенти бүгүн ушундай чечим кабыл алды. Ага ылайык, коалициялык аскерлерге көмөктөшкөнү Иракка түштүк Кореядан инженердик бөлүктөрдүн 600дөй жоокери жана аскерий медиктердин 100 чакты персоналы келмекчи. Но Му Хэн парламенттеги сөзүндө Кошмо Штаттарына кыйын-кыстоо кезеңде жардамга баруу керек жана АКШ менен Түштүк Кореянын достук мамилелери Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу кризисти жайчылык жол менен чечкенге көмөктөшөт деген ишеничин билдирди. Бул маселе парламентте бир нече ирет колго салынбай, кармалып турган эле.

XS
SM
MD
LG