Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Коалициялык күчтөрдүн алдыңкы бөлүктөрү Багдадга отуз чакырым жакындап кирип барышты


Бул тууралуу бүгүн борбордук командачылыктын өкүлү, бригадалык генерал Винсет Брукс билдирди. Биринчи деңиз экспедициясынын күчтөрү ал-Кут шаарына жакын жерде ирактын танкалык Багдад дивизиясына сокку уруп, Тигр дарыясынан өтүштү. Багдад дивизиясы талкаланды, деп айтты генерал Брукс. Ирактын республикалык гвардиясынын дагы эки дивизиясы, генералдын сөздөрүнө ылайык, Кербала шаарына жакын райондо курчоодо калды. Коалициялык күчтөрдүн авиациясы Багдаддагы обьекттерди жана шаардын босогосундагы коргонуу чептерин бомбалоодо. Америкалык командачылыктын ырастоосуна ылайык, Эн-Нежеф шаарынын ортоңку бөлүгүндө ирак аскерлери Али мечитине келип корголоду, бул жерден алар коалициялык күчтөрдү аткылап жатышат, бирок союздаш аскерлер мусулмандардын ыйык жайы саналган бул мечитти көздөй ок атышкан жок. Ирактын маалымат министри мындан мурдараак коалициялык күчтөр Али мечитин аткылап жаткандыгын айткан эле.

XS
SM
MD
LG