Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстанда йод жана темир таңсыктыгы көйгөйлүү маселеге айланды


БИШКЕК. Кыргызстандын түштүгүндө балдардын 75%, түндүгүндө 45% жакыны богок дартына чалдыкса, өлкөдөгү боюнда бар аялдардын дээрлик баары аз кандуулуктан же анемиядан жабыркашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин, Азия Өнүктүрүү Банкынын жана ЮСАИД агенттигинин йод жана темир таңсыктыгына каршы күрөшүү боюнча программаларынын өкүлдөрү бүгүн «АКИ-пресс» агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтышты. Азия Өнүктүрүү Банкы йод таңсыктыгына каршы күрөш программасынын алкагында Кыргызстанга 700 миң доллар бөлгөн жана анын жардамы менен өлкөнүн региондорундагы 10 ири тегирменде ун йод менен байытылууда. Аталган уюмдар йод жана темир таңсыктыгын жоюунун ыкмалары боюнча калк арасында үгүт иштерин да жүргүзмөкчү.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG