КАРАКОЛ. Буйрукка ылайык облустун аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнүн экологиялык абалын, микроклиматын, токой тилкелерин түзүүнү жакшыртуу, сел жана жер көчкүлөрүн алдын алуу иштери колго алынат. Бул иш-чараларды өткөрүш үчүн курамы 27 адамдан турган облустук штаб түзүлдү. Ошондой эле 1-апрелден 1-июнга чейин шаарларды, райондорду жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык жактан тазалоо боюнча эки айлык жарыяланды. Эки айлыктын жүрүшүндө мыкты көчө, мыкты айыл өкмөтү, мыкты район, шаар наамдары үчүн кароо-сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө атайын байгелер ыйгарылат.