Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кыргызстанга Орусиянын парламенттик делегациясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын Федералдык жыйынынын төрагасы Сергей Миронов баштаган делегациясы келди. Кыргыз парламентинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин чакыруусу менен келген Сергей Мироновдун иш сапарынын максаты - парламент аралык кызматташууну жакшыртуу, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы ар тараптуу байланыштар жана мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайык даярдоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Делегация 3-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, премьер-министр Николай Танаев менен жолугушат. Андан кийин анын мүчөлөрү Бишкектеги Славян университетинин жамааты менен кезигишип, Орусиянын «Парламенттик газетасынын» Бишкектеги кабарчылар бөлүмүнүн ачылышына катышат. Орусиялык делегациянын иш сапарынын учурунда эч кандай документке кол коюлбайт.

XS
SM
MD
LG