Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Бишкекке Германиянын аскерий делегациясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Германия Федеративдүү Республикасынын аскерий делегациясы эки күндүк иш сапары менен келди. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, делегация эки өлкөнүн аскерий тармактарынын ортосундагы байланыш жөнүндөгү программанын алкагында келди. Анын максаты - аскердик-саясий маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан аркы кызматташуунун багыттарын жана дүйнөдөгү акыркы кырдаалды талкуулоо. Германия менен Кыргызстандын ортосундагы аскерий кызматташтык үч багытта: аскерий билим берүү, анын ичинде адистерди даярдоо жана тил үйрөтүү, аскерий-материалдык жардам көрсөтүү жана эксперттердин деңгээлиндеги эки тараптуу байланыштар багытында жүргүзүлөт. Германиялык делегация менен Коргоо министрлигинин бир катар башкармалыктарынын жетекчилери 3-апрелде жолугушат.

XS
SM
MD
LG