Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

АКШ президенти Кыргызстанга дайындала турган жаңы элчини сунуштады


БИШКЕК. АКШнын президенти Жорж Буш бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигине Стивен Янгдын (Stephen Young) талапкерлигин сунуш кылды. Кыргызстандын «Кабар» агенттиги тараткан маалыматка караганда, Стивен Янг - АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кытай жана Монголия боюнча бөлүмүнүн директору. Ал буга чейин Пакистан, Ооганстан жана Бангладеш боюнча бөлүмүнүн, андан мурда Борбордук Азия жана Кавказ бөлүмүнүнүн директору болуп иштеген. Азия өлкөлөрүндө жана Орусияда иштеп, дипломаттык тажрыйба күткөн Стивен Янг АКШдагы Уэсли университетин бүтүрүп, Чикаго университетинде илимдин доктору наамын алган. Президент Ж. Буш сунуш кылган С.Янгдын Кыргызстанда иштешине эми АКШнын Сенаты макулдугун бериши керек. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы азыркы элчиси Жон О’ Киф кызматка 2000-жылдын күз айларында киришкен.

XS
SM
MD
LG