БИШКЕК. Кыргызстандагы Укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун Иракка барууга даярдана баштады. Бул тууралуу бүгүн укук коргоочу өзү маалымдады. Анын айтымында, согуш жүрүп жаткан жерге баруунун максаты - согуштан жапа чегип жаткан адамдардын укугун коргоо жана Кыргызстанга Ирак согушу жөнүндө туура маалымат берүү. «Биздин акция Ирактагы тарыхый баалуулуктарды коргоого да багытталмакчы», - деди Турсунбек Акун. Ал буга чейин согуш жүргөн Чеченстанда жана Баткен аймагында болуп келген эле.