Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:12

Президент А. Акаев Финляндияга жөнөп кетти


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Финляндияга иш сапары менен жөнөп кетти. 4-апрелге чейин созулуучу иш сапарынын учурунда ал Финляндиянын президенти Тариа Халонен айым менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Аскар Айтматов, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары бар. Финляндияда эки мамлекеттин ортосунда кош салыкка жол бербөө жана инвестицияларды коргоо боюнча келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу маалымат шаршемби күнү Тышкы иштер министрлигинин батыш мамлекеттери боюнча башкармалыгынан алынды.

XS
SM
MD
LG