Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

БУУ Түндүк Корея кризисин талкуулайт


БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын тегерегиндеги кризисти 9-апрелде талкуулайт. Түндүк Кореянын Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыгуу тууралуу чечими 10-апрелден тарта күчүнө кирет. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Түндүк Кореяны куралсызданууга, өлкөгө агенттиктин инспекторлорун киргизүүгө үндөп, Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңешинин кароосуна маселени мындан алты апта мурун сунуш кылган болчу. Вашингтон Кеңештин мүчөлөрүн Түндүк Кореяны кооптуу куралдардан баш тартууга көндүрүүгө өктөм үндөп жатат. Бирок Кытай, маселен, кризисти Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы сүйлөшүүлөр жөнгө салат деген пикирде. Пхеньян эгерде БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореяны жазалоо чараларын кабыл алса, согуш жарыяланышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG