Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

АКШнын мамлекеттик катчысы Брюсселге аттанды


Колин Пауэлл Брюсселде НАТО жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү менен жолугуп, Иракка байланыштуу маселелерди талкуулайт. Пауэлл алдын-ала маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы – согуштан кийин Иракты калыбына келтирүү, Саддамдан кийин бийликти колго алчу убактылуу өкмөттүн тегерегинде болмокчу. АКШнын мамлекеттик катчысы андан тышкары Брюсселде Ирактагы согушту колдобогон Франция, Орусия жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен жекече жолугушуулар өткөрүп, Түндүк атлантикалык альянска мүчө башка мамлекеттердин башкы дипломаттары менен бирге НАТОнун Кеңешинин жыйынына катышат.

XS
SM
MD
LG