Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Коалициялык күчтөр Багдадга түштүк тараптан жакындап барышты


Америкалык командачылык коалициялык күчтөр Багдадга түштүк тараптан 50 чакырымдай чукулдап кирип барганын билдирди. Ошол эле учурда химиялык чабуулдан коргоочу атайын кийимчен АКШнын айрым аскердик бөлүктөрү Ирактын башкалаасынан 30 чакырымдай жерде баратканы кабарланууда. Ирактын маалымат министри Мохаммад Саид ас-Сахаф бул маалыматтардын баарын четке кагууда. Америкалык генерал Стэнли Маккристал соңку салгылаштарда Ирактын республикалык гвардиясынын "Медина" жана "Багдад" аттуу дивизиялары талкаланганын кабарлады: "Биз Ирактын республикалык гвардиясынын Багдаддын чет жакаларын коргогон эки дивизиясын алсыраттык. Азыр биздин аскерлер Багдаддан 30 милдей (50 чакырымдай) алыстыкта турат, бирок айыгышкан уруштар али алдыда", - деди генерал Маккристалл. Маалымат агенттиктери Ирактын "Багдад" аттуу дивизиясынын командири бул кабарды төгүндөп, анын кол алдындагы аскерлер душмандын мизин кайтарууга даяр турганын билдирди, деп кабарлашты. Коалициялык күчтөр таңга маал Багдадга абадан сокку урууну улантышты. Ирактын мамлекеттик телеканалы президент Саддам Хусейн башкарган жыйындан үзүндү көргөзүп, улуттук армиянын душманга каршы каармандык күрөшүн көкөлөтө даңазалады.

XS
SM
MD
LG