Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Сербия жана Черногория мамлекеттик бирикмеси Европа Кеңешине мүчөлүккө алынды


Салтанаттуу аземде уюмдун жаңы 45-мүчөсүн куттуктап,Еврокеңештин баш катчысы Вальтер Швиммер бул күндү Сербия менен Черногория үчүн эле эмес, Европа кеңеши үчүн да жаңы башталыштын башаты болду деп билдирди. Еврокеңеш эми бүткүл континентти камтыган уюмга айланды. Страсбургдагы аземге Сербия менен Черногориянын президенти Светозар Марович, тышкы иштер министри жана парламенттин башчысы катышты. Ушул эле күнү Косоводо жергиликтүү серб тайпасы провинциядагы албан администрациясынын укуктарын кеңейтүүнү көздөп жаткан ООНдун пландарына нааразылык билдирип, демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG