Тор Гар районунда быткыл-коолордо жашынып калган талиптердин отряддары менен үч күндөн бери уруштар уланууда. Өкмөттүк жана америкалык аскер бөлүктөрү жардам сурап, районго согуш самолетторун жөнөтүүнү өтүнүшкөн эле. Пакистанга чукул бул жерде талиптердин 160тай лашкери өкмөттүк аскерлерге кол салып, ортодо атышуулар тутанган. Талиптер Иракта согуш башталар замат активдеше баштады.