Петра маалымат агенттиги таркаткан интервьюда Абдалла коалициялык күчтөрдү жайгаштырганга Түркия макул болбой койгон соң америкалык контингент Иорданияга киргизилгени жатыптыр деген кабарларды төгүндөдү. Падышанын айтымында, Иорданияга муну эч ким сунуш кылган эмес, сунуш кылган күндө да буга жол берилмек эмес. Абдалла ошондой эле Иракта согуштан кийинки жетекчилерди жергиликтүү калк өзү гана тандап алууга тийиш, тыштан алынып келинген лидерди ирактыктар кабыл албайт деп билдирди.