Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Түндүктөгү Мосул шаарына жакын жерде да куралдуу кагылыштар болуп өттү


Ройтерстин маалыматтарына ылайык, жергиликтүү күрт кошуундары коалициялык чакан бөлүктөрдүн жана согуш авиациясынын коштоосу астында ирак аскерлери менен салгылашып, Мосулдун астанасындагы кан жолдогу бекетти басып алышкан. Ал эми Катардагы башкы аскери штабдагы маалымат жыйынында британ командачылыгынын өкүлү полковник Крис Вернон Басрадагы уруштарда чачырама бомбалар колдонулуп жатат деген кабарды караманча четке какты. Эл аралык укук коргоочу уюмдар бомбанын аталган түрлөрүн колдонгону үчүн коалициялык тарапты кескин айыпташкан эле. Чачырама бомбалар калк арасында чыгымдарды көбөйтөт. Басрада уруштар уланууда,шаар коалициянын колуна өтө элек.

XS
SM
MD
LG