Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:27

Багдад үчүн кармаштар канчага созуларын айтыш кыйын


Муну парламентте чыгып сүйлөп, британ коргоо министри Жефф Хун ырастады. Анын айтымында, алдыда айыгышкан кармаштар турат,бирок кыйынчылыктар коалициянын күчтөрүн майыштыра албайт. Хун коалициялык күчтөр Ирактын 9 миңдей аскерин туткунга алгандыгын билдирди. Кербала жана Ал-Кут шаарларына жакын райондордо кечээ Ирактын гвардиялык эки дивизиясы талкаланды. Кербалада ирак тарабы америкалык вертолетту атып түшүргөндүгүн айтып жатышат. Айрым маалыматтарда жети аскер набыт болгону айтылат, башка бир кабарларга караганда, вертолетто болгону алты адам болгон, алардын дайыны белгисиз. Ирактыктар америкалык дагы бир согуш самолетун атып түшүрүштү, азыр анын учкучун издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG