Башкы командачылыктын өкүлдөрү Ирак борборунун түштүк ыптасы союздаш аскерлердин камоосунда калгандыгын айтышууда. Пентагондун өкүлү капитан Фрэнк Торп коалициялык контингенттин алдыңкы бөлүктөрү Багдаддын башкы аэропортун алганы камынып жаткандыгын кабарлады. Аскери чалгынчылар Ирактын республикалык гвардиясынын эки дивизиясы жол тосуп тургандыгын, калган төрт дивизия да түштүккө көздөй келатканын,бирок коалициянын контингенттери республикалык гвардия менен азырынча бетме-бет келип уруша электигин билдиришти.Бирок Ирактын маалымат министри Мохаммад Саид ал-Сахаф бул маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Мунун баары болбогон кеп, карандай калп, деп билдирди ирак министри.