Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Кыргыз-өзбек чек арасында 50 чакырым тилкенин демаркацияланышы күтүлөт


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймактардын дагы 50 чакырымы боюнча алдын-ала макулдашуу болду. Мындай макулдашууга кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын эксперттери ушул аптадагы Фергана жолугушуусунда келишти. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдон алынган бүгүнкү маалыматка караганда, эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча эксперттери өткөн аптанын этегинде кезектеги отурумга чогулуп, беш күндүк талкуудан кийин ушундай жыйынтык чыгарышты. С. Аламановдун билдиргенине караганда, алдын-ала макулдашылган аймак боюнча акыркы бүтүм өкмөт аралык комиссиянын келерки отурумунда чыгарылат. Эки өлкөнүн чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1492 чакырымды түзөт. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын акыркы жолу Ташкенде март айында болгон кезектеги отурумунда 22 чакырымга жакын чек ара тилкесин демаркациялоо тууралуу чечим кабыл алынган. Жалпысынан буга чейин өз ара сүйлөшүүлөрдүн негизинде кыргыз-өзбек чек арасынын 713 чакырымга жакыны демаркацияланган.

XS
SM
MD
LG