Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Кыргызстанда Баңгизаттарды өндүрүүгө жана мыйзамсыз ташууга каршы күрөш боюнча агенттик түзүлөт


БИШКЕК. Келечекте Кыргызстанда Баңгизаттарды өндүрүүгө жана мыйзамсыз ташууга каршы күрөш боюнча агенттик түзүлөт. Ал БУУ жана башка эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат. Бул тууралуубүгүнкү маалымат жыйынында Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Курманбек Кубатбеков маалымдады. Ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Кыргызстандагы улуттук координатору Бактыяр Мамбетов журналисттерди Баңгилик менен күрөшүү боюнча эл аралык комитеттин отчету менен тааныштырды. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, 2002-жылы Ооганстанда 3,5 миң тоннага жакын апийим өндүрүлгөн. Ал эми Кыргызстан аркылуу жылына орто эсеп менен 30 тоннадан ашуун баңгизат ташылат. Жетиштүү каражаттын жоктугунан тартип коргоо органдары анын 1% араң кармашат. 2002-жылы Кыргызстанда 2 тонна 906 килограмм апийим кармалган. Бул 2001-жылга салыштырганда 15 килограмга көптүк кылат.

XS
SM
MD
LG