Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:27

Орусиянын парламенттик делегациясынын Кыргызстандагы иш сапары аяктады


БИШКЕК. Кечээ Бишкекке келген Орусиянын Федералдык кеңешинин төрагасы Сергей Миронов бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Ушул эле күнү С. Мироновду премьер-министр Николай Танаев кабыл алды. Миронов кечээ Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен кездешкен. Жолугушуулардын бардыгында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү, анын ичинде аскерий-техникалык кызматташтыкты арттыруу жана Ирактагы согуш маселелери талкуунун негизин түздү. Сергей Миронов менен Николай Танаевдин ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдүн учурунда белгилүү болгон маалыматка караганда, быйыл Орусиянын демөөрчүлүгү астында Кыргызстанда төрт завод ишке кириши күтүлүүдө. Ушул эле күнү Орусиянын Федералдык кеңешинин төрагасы Сергей Мироновдун катышуусунда Бишкекте орусиялык «Парламентская газетанын» кабарчылар бөлмөсү ачылды. Ушул эле күнү Орусиянын парламенттик делегациясы Дүйшөмбү шаарына жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG