Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстандагы Адам укуктары жана эркиндиги институту Ирактагы согушту колдойт


БИШКЕК. Иракка каршы согушту баскынчылык деп атаган туура эмес. АКШ баш болгон өлкөлөр Ирактын карапайым элин Саддам Хусейндин көп жылдык эзүүсүнөн куткаруу максатында боштондукка чыгаруу согушун жүргүзүүдө. Бейшемби күнү Кыргызстандагы Адам укуктары жана эркиндиги институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. «Бул согуштун максаты - Саддам Хусейндин диктатордук бийлигин жана анын колундагы жалпыга кыргын салчу химиялык куралды жок кылуу. Эң негизгиси - Ирак элине жардам берип, аны эзүүдөн куткаруу», - деди Т. Тургуналиев.
Анын пикиринде АКШ баш болгон өнүккөн өлкөлөр дүйнөдөгү Ирактан башка да диктатордук башкаруудагы өлкөлөргө каршы биргелешип иш алып барышы керек. Бирок мындай аракеттер согуш эмес, экономикалык, саясий басым көрсөтүү жолу менен жүргүзүлүшү жөндүү.

XS
SM
MD
LG