Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Чеченстанда минага жарылган автобуста алты адам набыт болду


Орусиянын расмий өкүлдөрү бейшембиде Чеченстанда курулушчуларды ташып баратып минага жарылган автобуста алты киши набыт болуп, 10 адам жараат алганын кабарлашты. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин офицери Юрий Мирошниченко Грозныйда бараткан автобус белгилүү аралыктан башкарылчу минага жарылганын, ал мина таштандылар арасына катылып коюлганын айтат. Чеченстандын Москванын колдоосуна ээ лидери Ахмад Кадыров ИТАР-ТАСС агенттиги жарыялаган маегинде бейшембидеги жардырууну жергиликтүү бандиттер уюштурду деген пикирин билдирген.
Чечен жикчилери да был жардырууну айыпташты.

XS
SM
MD
LG