Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Согуштан кийин Ирактагы кайра куруу иштерине АКШ менен Британия жетекчилик кылышы керек


Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Брюсселде Европа Биримдиги менен НАТОнун расмий өкүлдөрү менен жолугушкан соң маалымдады: "Кыйын учурда бириккен коалиция - саясий, экономикалык, акчалай чыгымдардан башка адамдардын өмүрүн тобокелге салып, оор милдетти өзүнө алды. Баштаган ишибиз ийгиликтүү аяктаса, ирак элинин жашоосун жакшыртуу, коомду, мамлекетти кайра куруу маселелеринде да коалицияга алдыңкы роль тийиши керек деп ойлойм", - деди Колин Пауэлл. Орусия, Франция жана Грекиянын тышкы иштер министрлери согуштан кийин Иракты кайра куруу ишинде башкы роль - Бириккен Улуттар уюмуна берилиши керек деген пикирлерин айтышты. Пауэлл менен өзүнчө жолугушкан Орусиянын тышкы иштер министри И.Иванов Москва Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңешин Ирактагы согушту токтотуунун жолун табууга үндөп жатканын билдирди. Бейшембиде Варшавада жолугушкан Польша менен Чехиянын президенттери, ошондой эле НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон Ирактагы согушту кыска мөөнөт ичинде бүтүрүп, ирактыктарга жардам көрсөтүүнү ыкчамдатуу зарыл деген пикирлерин айтышты.

XS
SM
MD
LG