Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Ирактын түштүк чөлкөмүнө суу ташыган машинелер киришти


Ичүүгө жарамдуу 37 миң литр суу жана дары-дармек жүктөлгөн машинелер Басранын жанындагы Сафан, Ал Зубаир жана Абдул Хасиб деген жерлерге бет алышты. Мындан эки апта мурда коалициялык күчтөрдүн бомбалоосунан улам электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, суу чыгаруучу насостор иштебей калган эле. Өткөн жумада Эл Аралык Кызыл Чырым Уюмунун инженерлери Басраны суу менен камсыз кылуучу жабдуулардын бир бөлүгүн кайра калыбына келтиришкен. Бүгүн Кызыл Чырым Басранын ооруканаларына медициналык шаймандар менен дары-дармек жүктөлгөн эки машине жөнөттү. Уюм коалициялык аскерлер менен Ирак өкмөтүнүн кызматташуусун өтүнүүдө.

XS
SM
MD
LG