БИШКЕК. Казакстандын «Борбордук Азия - Интергаз» ишканасы менен «Кыргызгаз» акционердик коому Кыргызстандын түндүк аймагын, ошондой эле Казакстандын Жамбыл жана Алматы облустарын жаратылыш газы менен камсыз кылган газ түтүктөрүн оңдоо боюнча келишимге кол коюшту. «Кыргызгаздын» басма сөз кызматынын кабарына караганда, келишим боюнча Казакстан тарап Кыргызстандын аймагындагы газ түтүктөрүн оңдоого 322 миң доллар өлчөмүндө жардам берет. Оңдоо иштери быйыл башталат.