Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Мыйзам чыгаруу жыйынынын парламенттик делегациясы Орусияга, Грецияга, Канадага жана Тажикстанга барат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектеген делегация июнь айында Орусиянын Федералдык жыйынынын чакыруусуна ылайык Орусия Федерациясына иш сапары менен барышы күтүлөт. Федералдык жыйындын төрагасы Сергей Миронов Санкт-Петербург шаарынын мааракесин белгилөөгө байланышкан чакыруусун 3-апрелде Бишкекте Абдыганы Эркебаев менен болгон жолугушуу учурунда жарыялады. Мындан тышкары жыл этегине чейин Абдыганы Эркебаев жетектеген парламенттик делегация Грецияга, Канадага жана Тажикстанга барат. Делегациялардын курамына палата төрагасы буга чейин чет өлкөгө чыга элек депутаттардын кошууну көздөп жатат. Кыргыз парламентинин өкүлдөрү алгач ирет тажик парламентинин чакыруусуна ылайык апрель айынын этегинде Дүйшөмбүгө барышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG