Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Фергана облусунун жетекчилиги Баткен облусунун жетекчилигинин талабын четке какты


БАТКЕН. Бүгүн облустук акимчиликтин тартип коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Фергана облусунун акими Алишер Атабаев, Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаевдин быйылкы 23-февралдагы мина жарылуусуна байланыштуу жиберген катына жооп берген. Жооп катында ал ошо жарылуудан каза тапкан кыргыз жараны Саттар Шамшиев «мамлекеттик чек араны бузуп, өз күнөөсү менен каза болгондуктан келтирилген чыгымдарды төлөп берүү талабы негизсиз» экенин белгилеген. Ошондой эле мина көмүлгөн аймактарды тазалоо маселеси өзбек өкмөтүнө тиешелүү экенин жазып, мындай кайгылуу окуялардын алдын алыш үчүн эки тарап тең өз жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек арадан өтүү тартибин сактоону талап кылуу керектигине токтолгон.
Мындай жооптон соң, Баткен облусунун жетекчиси Фергана облусунун жетекчилигине кайрадан кат жолдоп, миналар өзбек чек арасынан 150-200 метрдей сыртка коюлганын, жарылуулар жалаң Кыргызстан аймагында болуп жатканын дагы бир жолу эскертип, маселе мамлекеттик деңгээлде чечилгиче мина көмүлгөн аймактарга атайын көрнөктөрдү орнотуу зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG