Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Кыргыз өкмөтү Борбор Азиялык экономикалык форумга даяданууда


БИШКЕК. 5-майдан 7-майга чейин Ош шаарында Борбор Азиялык экинчи экономикалык форум өтмөкчү. Форум Борбордук Азиядагы кызматташтыктын алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселесин талкуулайт. Иш-чара премьер-министрлердин деңгээлинде өтөт. Форумга Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан мамлекеттеринин өкмөттүк делегациялары, Германия, Британия, Орусия мамлекеттеринин ишкерлери, эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Экономикалык форумга ошондой эле АКШнын финансы министринин орун басары Жон Тейлордун да келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бейшембиде өткөн уюштуруу комитетинин жыйынында белгилүү болду. Комитет төрагасы, премьер-министр Николай Танаев жыйында форумга жумшала турган каражаттын өлчөмүн демөөрчүлөрдү тартуу аркылуу көбөйтүүгө тапшырма берди. Буга чейин форум өткөрүүгө 2 миллион сом каралган.

XS
SM
MD
LG