БИШКЕК. Германиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарына Кыргызстандын аймагында алар өздөрүн сак алып жүрүшү керектигин 1-апрелде эскертти. Бул Германиянын чет өлкөлөргө чыккан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында жылына айтып турчу көнүмүш эскертүүсү. Мындай маалымат бүгүн Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен алынды. Ал эми «АКИ-пресс» маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Германиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарына берген эскертүүсүндө кооптуу жайлар катары Кыргызстандын түштүгүн, анын ичинде альпинисттердин кызыктуу жайларынын бири саналган Ленин чокусун, техникалык жагдайы начар кара жолдорду атаган. Мындан тышкары Германия өз жарандарын Бишкектеги түнкү каракчылыктан сактанууга чакырган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акыркы он жылда Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө байланыштуу он ири кылмыш катталган.