БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун сөз эркиндиги боюнча атайын өкүлү Амбей Лигабо менен кездешип, аны менен Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан маселелерди талкуулады. Жолугушууда оппозициялык «Моя столица», «Кыргыз ордо» гезиттеринин жана айрым журналисттердин абалы туурасында кеңири сөз болду. Амбей Лигабо Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине байланышкан маселелерге байкоо жүргүзүп, журналисттердин укугун коргоого жардам көрсөтүү жагын өз көзөмөлүнө алууга убада берди. Бул тууралуу Эдил Байсалов «Азаттыкка» бүгүн кабарлады. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясынын 59-отурумуна катышканы Женевага 30-мартта барган. Э. Байсалов менен бирге Кыргызстандан бул отурумга Жаштардын укук коргоо уюмунун лидери Мария Лисицына да катышууда. Кыргызстандын жарандык коом өкүлдөрү Бишкекке 6-апрелде кайтып келишет.