Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Кыргызстандын Акыйкатчысы «Моя столица» гезитинин өтүнүчүн канааттандырды


БИШКЕК. Бишкек шаардык жана Ленин райондук соттору жоопкер келтирген далилдерди толук эске албай «Моя столица» гезитинин журналисти Рина Приживойттун укугун бузган чечим кабыл алган. Анткени америкалык «Петровск» корпорациясы жана анын өкүлчүлүгү Кыргызстандын аймагында 2000-жылдын биринчи мартынан 2002-жылдын 24-январына чейин өз ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзгөн. Рина Приживойттун арызын териштирген Кыргызстандын Акыйкатчысы ушундай бүтүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким кабарлады. Анын айтымында, былтыр Р. Приживойт америкалык «Петровск» корпорациясы Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөстөн Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү тууралуу макала жазган. Сот жараянынын жүрүшүндө юстиция министринин орун басары Эркинбек Мамыровдун бул корпорация министрликтен каттоодон өтпөгөндүгү тууралуу каты көрсөтүлгөн.
Бишкектин Ленин райондук соту редакцияны «Петровск» корпорациясына моралдык чыгым үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген өкүм чыгарган. Редакциянын апелляциялык арызын караган шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ага нааразы болгон Р. Приживойт быйыл март айында Акыйкатчыга арыз менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG