Ирактын түштүк бөлүгүндө Кошмо Штаттар убактылуу орноткон абактардагы 3500дөй туткундардын абалы тууралуу маалымат айтылбады, бирок Эл аралык Кызыл Чырым коомунун өкүлдөрү Ирак тарап АКШлык туткундарды кармоо шарттары менен таанышууга уруксат бербей жатканына байланыштуу кабатырлануусун билдиришти. "Багдад менен бул маселенин тегерегинде сүйлөшүүлөп жүрүп жатат, бирок ал оңой чечилчүдөй эмес", - деп маалымдады Кызыл Чырым коомунун басма сөз катчысы Антонелла Нотари.
Кызыл чырым коомунун кызматкерлери АКШнын колундагы ирактык туткундардын жашоо шарттары менен таанышышты