Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Ирактын телеканалдары ишембиде Саддам Хусейн эл арасын кыдырып жүргөнүн көргөзүштү


Аскердик кийимчен, мылтыкчан адамдар коштоп жүргөн Саддамды эл жылуу тосуп алып, бетинен, колунан өөп учурашып жатышты. Телекомментатор Ирактын президенти Американын учактары бомбалаган имараттарды кыдырганын маалымдады. Саддам элге кайрылган сөзүндө 24-мартта америкалык тикучманы атып түшүргөн дыйкандын эрдигин эске салгандыктан, батыштык эксперттер Багдаддагы президенттик сарайды бомбалоодон ал аман калган экен деген тыянак жасашууда. Америкалык аскерлердин басма сөз өкүлү, капитан Фрэнк Торп бул күнкү тасмаларды Багдадда саналуу адамдар гана көрө алганын айтат. "Ирактын эли азыр телевизор көрө албай калды. Багдадда сателлити бар адамдар гана бүгүнкү кабарлар менен тааныша албаса, көпчүлүк райондор электрсиз калган", - дейт америкалык аскерлердин өкүлү.

XS
SM
MD
LG