ОШ. Алар өздөрүн 3-апрель күнү камакка алынган Карасуу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн тургуну, «Хизбут-Тахрир» партиясынын мүчөсү Улукбек Кучкаровдун туугандарыбыз деп тааныштырышкан. Дээрлик көпчүлүгүн аялдар түзгөн 15 чакты адам камактагы Улукбек Кучкаровго тамак алып келдик, биз аны менен чогуу жолугушубуз керек деген талапты коюшкан. Милиция кызматкерлери Улукбек Оштогу СИЗОго алынып кеткенин, бул жерде жок экендигин айтышканда, тигилер кыйкырып-өкүрүп, жаман сөздөрдү айтышып, каргап, сөгүнүшүп, милиция имаратынын темир тосмосун булккулап, тарсылдатып, Улукбек Кучкаровду бошотуп беришпесе жамандык ишке барышарын жарыя кылышты. Алдыга аялдарды салып алышкан албуут топту милиция кызматкерлери бир сааттан ашык убакытта араң басышты.