БИШКЕК. Республиканын Ички иштер министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери Ирактагы согушка каршы үгүт баракчаларды тараткан «Хизбут-Тахрир» партиясынын 13 өкүлүн колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн аталган башкармалыктын басма сөз кызматынын башчысы Вячеслав Алгереев маалымдады. Анын айтымына караганда, колго түшүрүлгөн жарандардардан жалпы мусулмандарды Ирактагы согушка каршы үндөгөн кыргыз, орус, өзбек тилдеринде 200 жакын баракча жана араб тилиндеги адабияттар алынган. Колго түшүрүлгөн он жаранга Кылмыш кодексинин 229-беренесине ылайык «улут аралык жана диний араздашууга үндөгөн» деген айып тагылып, кылмыш иши козголду. Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгында миңге жакын «Хизбут-Тахрир» партиясынын жактоочулары каттоодо турушат. Мындай көрүнүш «өзгөчө Иракка каршы согуш башталгандан баштап кескин күчөдү» деп кошумчалады Вячеслав Алгереев.