Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өттү


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын булуңьбурчунда ишембилик өттү. Иш-чарага катышкан президент Аскар Акаев баш болгон президенттик админстрациянын кызматкерлери сталиндик репрессияда курман болгондордун сөөгү көмүлгөн «Атабейит» мемориалдык комплексинин айланасына көчөт отургузушту. Адегенде, каза болгондордун эстелигине гүл коюлуп, арбактарга куран окулду. Ушул эле күнү өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Бишкектеги Чоңарык айлынын жанында иштешти. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай иш чарага 40ка жакын министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышып, күн мурунтадан бөлүнгөн жерлерге көчөт тигишти.

XS
SM
MD
LG