Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Кыргызстандын профсоюздар кеңеши Ирактагы согушка каршы


БИШКЕК. Кыргызстандын профоюздар кеңеши Ирактагы согушка каршы биргелешип аракеттенүү чакырыгы менен эларалык профоюздар кыймылына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда Ирактагы согушка дүйнө эли катары кыргызстандандык жарандар да каршы экендиги белгиленип, АКШ баш болгон согушту жактаган өлкө жетекчилерин дүйнөлүк профсоюз уюмдарынын атынан согушту токтотууга чакыруу керектиги айтылган. Кыргызстандык профсоюз уюм өкүлдөрүнүн пикиринче, Ирактагы согуш тез аранын ичинде токтотулбаса, келечекте эларалык терроризм, экстремизмдин күчөшүнө алып келиши ыктымал. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттиги жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG