Орусиянын Тажикстанда турган чек ара аскерлеринин командачысы Анатолий Забродин кечээ кечинде чек арачылар менен аткесчилердин ортосунда болгон ок атышууда эки аткесчи курман болгонун, бирөө жарат алганын баяндады.Чек араны бузуп өтүүгө аракеттенген калган аткесчилер качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Анын аралыгында бүгүн Душанбеде Орусиянын Федерациялык Кеңешинин төрагасы Сергей Миронов тажик жетекчилиги менен сүйлөштү. Миронов кечээ чек арада болгон кармаш Орусиянын Тажикстандагы аскерлери КМШнын түштүк чек арасын ишенчиликтүү коргоп жатканын дагы бир жолу бышыктады деп билдирди.