Жалалабад шаарында турган ооган аскерлеринин жооптуу өкүлү Хажи Тахир белгисиз бирөөлөр аскердик базада бомба жардырышканын жана окуя иликтенип жатканын билдирет.Ошол эле маалда кабар агенттиктери президент Хамид Карзайдын жакын кишилеринин бири Хажи Жилани бейшемби күнү ок жеп курман болгондугун маалымдашты. Бул киши өлтүрүүнүн артында талибан согушкерлери тургандыгы божомолдонууда.