БИШКЕК. 11-апрелде Дүйшөмбү шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов билдирди. Жыйында Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун документтеринин долбоорлору, регионалдык коопсуздук жана кызматташуу маселелери талкууланмакчы. 27-апрелде болсо келишимге кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити Тажикстандын борборунда өткөрүлүп, анда Коллективдүү Коопсуздук Келишимин Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюму деп түзүү боюнча документке кол коюлмакчы. Келишимге Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстан мүчө.
Дүйшөмбү шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жолугушат