Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Феликс Куловдун түрмөгө которулушу күтүлүүдө


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайынан түрмөгө которулушу күтүлүүдө. Мындай маалыматтын бар экендигин бүгүн Ф. Куловдун адвокаты Любовь Иванова ырастады. Бирок ал кагаз түрүндөгү тийиштүү документти көрө электигин билдирди. Анын айтымында, эгерде Ф. Кулов башка абакка которулса, анда ал Сокулук районундагы Жаңыжер, же Бишкектеги № 47 түрмөгө барышы ыктымал. Пенитенциардык системаны өз карамагына өткөргөн Юстиция министрлигинин жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Феликс Куловду которуу маселесин Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайы чечээрин жума күнү билдирген эле. «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген доо боюнча соттолгон оппозиция лидери, мурдагы вице-президент Феликс Куловдун Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жатканына бүгүн 944 күн болду. Кыргыз оппозициясы Кулов саясий себептер менен соттолду деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG