Бүгүн Түркмөнстанда Элдик жыйынга же «Халк Маслахатына» жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болду.
Борборшайлоокомдун төрагасы Мурат Каррыевдин маалыматы боюнча, шайлоочулардын 90 пайызга жакыны добуш берген.
Райондук шайлоо комиссиянын өкүлү Ораз Галлыевдин айтымында, алыскы аймактардагы шайлоочуларды тейлөө үчүн добуш берүү бюллетендери салынчу кутулар алардын үйлөрүнө жеткирилген.
Апта башында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму (ЕККУ) Түркмөнстандагы шайлоо “батыш стандартына ылайык адилет жана эркин өтөөрүнө ишенбесин” билдирген.
ЕККУнун өкүлдөрү шайлоого чакырылган эмес.
Түркмөнстандын эң жогорку бийлик органы саналган Элдик жыйындагы бош орундарга бүгүн 65 өкүл шайланат.
Элдик жыйынга өлкө президенти, министрлер, облустар менен райондордун акимдери жана Жогорку соттун төрагасы жана башка бийлик адамдары мүчө. Айыл аксакалдары менен улуттук азчылыктардын жана диний жамааттардын айрым өкүлдөрү жыйынга бийлик тарабынан тандалып дайындалат.
Элдик жыйын жылына бир ирет же президент Ниязовго өтө маанилүү чечимдерди кабыл алуу зарыл болгондо гана чукул түрдө чогултулат.
Дүйнө кабарларынын кечки түрмөгүн Амирбек Азам уулу даярдады.