Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

“SARS” –этият болуңуз!


Дем алуу органдарынын синдрому- “SARS” илдетинен дарылануудан баш тартып, 14 саат бою Гонконг полициясын үйүнө киргизбей кармап турган адам акыр соңунда дарыланууга көндү. Дарыгерлер полицияны жардамга өткөн түнү айласы кеткенден кийин чакырышкан болчу.
Гонконгдо дем алуу органдарынын синдромунан бүгүнкүгө чейин 20 адам, башка өлкөлөрдө - кеминде 90 адам каза болду.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдын түштүгүнө жана Гонконгго каттоодон убактылуу баш тартууга кеңеш берди.
“SARS” илдетинин коркунучуна байланыштуу Индонезиянын мамлекеттик авиакомпаниясы бүгүнтөн баштап тышкы аба каттамдарын 30 пайызга азайтмак болду.
Австралия бийликтери коркунучтуу илдетти жайылтпоо максатында “SARS” илдети жуккан деп шек түшкөн адамдарды карантинде кармоону же атайын текшерүүдөн күчтөп өткөрүүнү буйруду.

XS
SM
MD
LG