Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:38

Палестин парламентинин мүчөсү Тель-Авивде соттолууда


Тель-Авивде Палестина парламентинин мүчөсү, “Фатх” кыймылынын жетекчилеринин бири Марван Баргутинин үстүнөн сот башталды.
Баргути Палестина лидери Яссер Арафаттын макулдугу боюнча израилдиктерге каршы чабуул уюштурду жана израилдик 26 жарандын өлүмү үчүн жооптуу деп күнөөлөнүүдө.
Марван Баргутини бир жыл мурда израилдик аскерлер колго түшүргөн кезде “Фатх” кыймылынын Батыш Иордангы саясый жетекчиси болгон.
Баргути парламенттин мүчөсү катары аны Израил соту соттоого акысыз деп, коюлган күнөөнү да четке кагууда.

Бүгүн таң эртелеп израилдик күчтөр Газа секторундагы чакан кыштакты танктардын жана тикучактардын коштоосунда басып алды. Кабарчылардын билдиришинче, алар 25 менен 50 жаштын ортосундагы бардык палестиналык эркектерди камакка алып, ар бир үйдү тинтишүүдө.

XS
SM
MD
LG