Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Иран жана Түркия күнкорсуз күрт мамлекетине каршы


Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази Анкарада Түркиялык коллегасы Абдулла Гүл менен кездешкенден кийин: “Согуштан кийинки Ирактын түзүлүшү коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуусу зарыл”, - деп билдирди.
Харразинин айтымында, Иран өкмөтү - Иракты бөлүүгө жана Түндүк Иракта кандайдыр бир мамлекеттин түзүлүшүнө каршы.
Гүлдүн сөзүнө караганда, эки өлкө (Түркия жана Ирак) Ирактын түндүгүндөгү кырдаалдын өнүгүүсү боюнча “бирдей көз карашта” турат.
Анкара жана Тегеран ирактык күрттөр Ирактын түндүгүндөгү мунай борбору Киркук шаарын басып алышы жана күрттөрдүн автономиялык укугун кеңейтүүнү талап кылышы, анын натыйжасында түркиялык жана ирандык күрттөр козголушу ыктымал деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG