Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Жаңылыш бомбалоодон күрт күчтөрү чыгым тартты


АКШлык учактар Түндүк Ирактын Мосул шаарына жакын жерде америкалык атайын күчтөрдүн жана күрт аскерлерин жаңылыш бомбалап алды.
АКШ тараптын түшүндүрүшүнчө, таң эртең болгон кырсык учурунда коалициянын учактары жердеги аскерлерге жардам берип, алардын аракетин жердеги күчтөр координациялап турган.
Бомбалоодон, соңку маалымат боюнча кеминде, 12 күрт жоокери өлүп, дагы 45 аскер жарадар болгон.
Ирактын түндүгүн башкаруучу Күртстан демократтык партиясынын мүчөсү Хошиар Зебаринин билдиргенине караганда, күрт лидери Масуд Барзанинин бир тууганы, аба чабуулда жарадар болгон Важех Барзанинин абалы оор.
Америкалык тараптын зыяны жөнүндө азырынча маалымат жок.

Биздин кабарчынын маалыматы боюнча, күрт жоокерлери Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынан 45 чакырым жердеги Айн Сифни шаарчасы үчүн болгон бүгүнкү салгылашууда 50дөн көп ирактык аскерди, анын ичинде 6 офицерди туткунга алган.

XS
SM
MD
LG